Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

ЕБ чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам берет


Кыргызстандын жана Европа биримдигинин желектери. Сүрөт 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы сапары маалында тартылган.
Кыргызстандын жана Европа биримдигинин желектери. Сүрөт 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы сапары маалында тартылган.

Европа Биримдиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Кыргызстанга 170 миң евро гуманитардык жардам бөлдү. Каражат "Кызыл жарым ай" коому аркылуу бөлүштүрүлүп, курман болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга даректүү жеткирилет.

Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 7-июнда кабарлагандай, Баткен облусунда жабыркаган райондордо жашаган 6000 адамга көмөк көрсөтүлөт.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык мерт болгон. Бир катар айылдарда турак-жайлар кыйрап, 160тай киши жараат алган, 40 миңден ашуун адам үй-жайын убактылуу таштап качканга аргасыз болгон.

Тажикстан 19 жараны каза болуп, үй-жайлар талкаланганын, токсондой киши жараат алганын маалымдаган.

4-июнда Чоң-Алай өрөөнүндөгү чек ара тилкесинде да чыңалуу болуп, эки өлкө сүйлөшүү аркылуу абалды жайгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG