Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Жапаров сот тармагындагы мыйзам долбоорлорду сунуш кылды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин биринчи жыйынын өткөрүп жатат. Анда президент жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, сот системасын жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн бир нече мыйзам долбоорун сунуш кылды.

Алар Жогорку жана жергиликтүү соттор, судьялардын статусу, сот адилеттүүлүгүнүн кеңеши жана соттук өз алдынча башкаруу мыйзамдары менен байланыштуу.

“Сот органдарынын структуралык өзгөртүүлөрүн тездетүү, сот өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн көтөрүү жана сот адилеттүүлүгү боюнча жаңы судьялар кеңешин түзүү максатында ушул мыйзам долбоорлорун жана кодекстерди кезексиз карап берүүнү Жогорку Кеңештен өтүнөм”, - деди Жапаров.

Быйыл 1-апрелде президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлүп, мурдагы Соттук реформа боюнча кеңеш жоюлган.

Бул “Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндөгү” президенттин жарлыгы менен ишке ашкан.

Жарлыкка ылайык, мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдап чыгышы керек.

Аны президент Садыр Жапаров өзү жетектеп, курамына башкы прокурор, соттордун, атайын кызматтын жетекчилиги, экономика жана финансы, ички иштер, юстиция министрлери кирген. Ал эми мамлекеттик эмес органдардан кеңештин курамына "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова бар.

5-мартта сот кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып президент Жапаров сот системасынын абалы жана аброю төмөндөгөнүнө судьялардын өздөрү күнөөлүү экенин айткан. Сот бийлигинин өкүлдөрү буга байланыштуу комментарий берген эмес. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG