Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Президенттик аппарат Дыйканбаевдин айыптоосун төгүндөдү


Азамат Дыйканбаев
Азамат Дыйканбаев

Президенттик аппарат Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин кайрылуусуна жооп берди. Анда бул иштеги тараптар тергөөнүн жүрүшүн жана коомдук пикирди өздөрүнө ыңгайлуу болгондой бурмалабашы маанилүү экени айтылат. Компетенттүү органдар бардык жагдайларды эске алуу менен акыркы чекитти коюшу керектиги белгиленген.

Президенттик аппараттын түшүндүрмөсүнөн:

"2018-жылы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сынак жарыялоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун өткөрүү тапшырылган.

2019-жылы мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында сынактын катышуучуларынын баа боюнча сунуштары автоматтык түрдө ачылган.

Анын жыйынтыгы менен кытай компанияларынын бири (Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd) жеңүүчү деп табылган.

Компаниянын сунуштаган баасы 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сомду түзгөн.

Бул Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети тарабынан аныкталган 5 миллиард 791 миллион 764 миң 960 сом өлчөмүндө сатып алуунун пландаштырылган суммасынан 54,2% төмөн. Тагыраагы үч миллиард сомго арзан. Сапаты да жогору болгон.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин өз линиясы боюнча ишке ашырууну белгисиз мөөнөткө жылдырууга аргасыз болгон.

2021-жылы дүйнөлүк экономикалык кырдаалдын өзгөргөндүгүнө карабастан, аталган компания «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин мурда бекитилген суммада (2 654 558 940 сом) ишке ашырууга даяр экендигин билдирген. Эми аягына чыгарганы турушат.

Ага карабастан, тергөөнүн версиясы боюнча, Азамат Дыйканбаев да арасында болгон чиновниктердин тобу башка компанияларды тартуу менен «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин 5 миллиард сомдон ашык жогорулатылган баа менен ишке ашырууга түздөн-түз кызыкдар болгон".

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шек саналып кармалган Азамат Дыйканбаев адвокат Кайсын Абакиров аркылуу президентке 7-июнда ачык кат жолдогон.

Ал “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен келишимди узартпай койгону үчүн камакка алынганын айткан.

Дыйканбаевдин жазганына караганда, келишимди узартууну суранып министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Эрнис аттуу жардамчысы ага телефон чалган. Бирок кытайлык компания кепилдик акчаны төкпөгөнү үчүн келишим узартылган эмес.

20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Андан эки апта мурун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG