Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Анкарада Жапаровду Түркиянын маданият министри тосуп алды


Садыр Жапаровду Анкарада тосуп алуу учуру.
Садыр Жапаровду Анкарада тосуп алуу учуру.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-июнда Түркияга расмий сапар менен барды. Аны Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.

Бул - Садыр Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргиндей, 11-июнга чейин Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле эки мамлекеттин Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт.

Андан сырткары Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат, бизнес-форумга да катышат.

Жапаров Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен кездешет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG