Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Октябрь окуялары: ИИМ Али Токтакуновду суракка чакырды


Али Токтакунов
Али Токтакунов

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Октябрь окуялары боюнча иликтөөчү журналист Али Токтакуновду 23-июнга суракка чакырды. Бул тууралуу Токтакунов “Азаттыкка” билдирди.

Токтакунов Кыргызстанга былтыр 7-октябрда келген. Ал суракка чакыруу 9-октябрдагы окуялар боюнча болушу мүмкүндүгүн айтты.

“Кыргызстанга 7-октябрда учуп келгем. 9-октябрда активисттер, саясатчылар, журналисттер болуп темир жол бекетинин жанында "өлкөнү криминал каптап кетти" деп ошого каршы акция өткөргөнбүз. Бийлик тезинен мыйзамдуу башкарууну орнотуп, мыйзамдуу өкмөттү шайлаш керек деген талаптарды коюп аянтка барганбыз. Өзүм билген маалыматтар менен бөлүшөм. Азырынча саясий же журналисттик ишмердүүлүгүм менен байланыштыруудан алысмын”, - деди Токтакунов.

Октябрь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы суракка чакырылган.

Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Кийин мындай берене өзгөрүп, Октябрь окуяларында "калайман башаламандык уюштурган" деген кине тагылган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG