Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:08

81 депутат Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранды


Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин 81 депутаты Бишкек шаардык сотуна депутат Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча кайрылууга кол койду. Бул тууралуу Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары кол койгон кайрылууда Баш мыйзамдын 78-беренеси одоно бузулуп жатканы айтылган.

Баш мыйзамдын 78-беренесинде парламент депутаты кылмыш жасоо маалында кармалган учурдан тышкары Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 74 депутаты "Кумтөр иши" боюнча камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча кайрылууга кол койгон.

Асылбек Жээнбеков 31-майда "Кумтөр иши" боюнча эки айга камакка алынган. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызы 23-июнда каралат. "Кумтөр иши" боюнча бир топ азыркы жана мурдагы аткаминерлер камалды.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG