Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Канада Кытайды уйгурлардын дискриминациясы үчүн айыптады


Шинжаң
Шинжаң

Канада жана дагы бир нече өлкө БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде Кытайдан Шинжаңга көз карандысыз байкоочуларга барууга уруксат берүүнү талап кылышты жана Бээжинди уйгурлардын дискриминациясы үчүн айыпташты. Женевада башталган сессияда Канаданын өкүлү адам укуктары боюнча жогорку комиссар Мишель Бачлет 2018-жылдан бери Кытай бийлигинен Шинжаңга барып кетүү уруксатын ала албай жатканын белгиледи. Ошондой эле, Канада ал аймактагы лагерлерде отурган миллиондогон уйгурлардын абалына, алар кабылган ырайымсыз мамилеге тынчсызданарын айтты. Мындай позицияны дагы 40 мамлекет колдоду.

Кытайдын өкүлү жооп берип жатып, Оттава адегенде жергиликтүү индейлерди өлтүрүү ишин териштирип алсын деди. Майдын аягында Канадада 200 чакты сөөк табылып, алар түпкүлүктүү элдин балдары окуган мектеп-интернаттын тарбияланычуулары болуп чыккан. Окуу жайы 1978-жылы жабылган.

Канаданын өкүлү буга чейин индейлердин укуктары бузулуп келгенин моюнга алып, өз өлкөсүнөн бул жаатта “бардык эл аралык стандарттардын урматталышын күтөөрүн” кошумчалады.

АКШ, Канада, Британия жана Еврошаркет Бээжинди уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктагандыгы үчүн көптөн бери айыптап келатышат. Адам укуктарын бузууларга тиешелүү адамдарга жана компанияларга санкциялар салынган.

Бээжин айыптоолорду четке кагып, лагерлерди экстремизмге каршы күрөштүн алкагындагы кесипке үйрөтүү жана интеграция борборлору деп атап жүрөт.

БУУнун болжолдуу маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бери дегенде 1 миллиондой киши кармалууда. Алар кыйноолорго, адам чыдагыс кордукка туш болушууда.

Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясы 21-июнда башталып, 13-июлда аяктамакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG