Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Кыргызстанда бир чакырым жолду курууга 2 млн. долларга чейин акча кетет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир км жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.

Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 28-июндагы жыйынында айтты.

“2018-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча реконструкциядан өткөн жолдордун кепилдик мөөнөтү үч жыл, жаңы курулган жолдордуку беш жыл”, - деди Нурланбек Кайынбаев.

Бир катар депутаттар Кыргызстанда автожолдорду оңдоо жана салуу кымбат экенин айтып, өлкөдө буга чейин жол тармагына алынган насыя, гранттар кандай колдонулганын текшерүү керек деген демилгени көтөрүштү.

“Мамлекеттин карызы 5 миллиард доллар болду. Каражаттын көбү жол менен энергетикага кетти. Бирок жол да, энергетика да оңолбой эле турат”, - деди депутат Абдывахап Нурбаев.

Кыргызстанда Транспорт министрлиги эң коррупцияланышкан мамлекеттик органдардын бири катары бааланып келет. 2019-жылы транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миң доллар пара талап кылган деп 14 жылга абакка кесилген.

Ушул тапта убактылуу депутаттык комиссия түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушун иликтеп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG