Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

Гаага соту Милошевичтин эки үзөңгүлөшүн 12 жылга кести

Йовица Станишич жана Франко Симатович сот залында
Йовица Станишич жана Франко Симатович сот залында

Гаагадагы аскердик трибунал мурдагы Югославиянын атайын кызматынын экс-жетекчилери Йовица Станишич жана Франко Симатовичти 12 жылга кести. Мындай чечимди эл аралык сот 30-июнда кабыл алды.

Югославиянын президенти Слободан Милошевичтин колунда иштеген 70 жаштагы Станишич жана 71 жаштагы Симатович 90-жылдардагы Балкан согушундагы аскердик кылмыштарга айыпталган.

Прокурорлор алар жетектеген атайын кызмат 1992-1995-жылдары куралданган топторду түзүп, бир катар кылмыштарды жасаганы боюнча далилдерди таап чыгышкан.

Мурдагы аскер жетекчилери алгач акталып, кийин БУУнун Гаагадагы аскер трибуналы ишти кайра кароону милдеттендирген болчу.

​
XS
SM
MD
LG