Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Аксыда алты адамдын өмүрүн алган уулануу иши сотко өттү


Кыргызстандагы ооруканалардын бири.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда быйыл марттын башындагы уулануу фактысы боюнча ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милиция билдиргендей, окуя Аксы райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 280-беренеси (“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу”) жана 135-беренеси (“Этиятсыздыктан киши өлтүрүү”) менен тергелди. Сотко чейинки өндүрүш жүрүшүндө шектүү “Э.Б” 48 саатка камакка алынып, сот тарабынан үй камагына чыгарылган.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалардын жыйынтыгында каза болгондор метил спиртинен (метанол) ууланганы аныкталган.

Милициянын маалыматына ылайык, 2-мартта саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. буюртма берген. Бул чакан кечеге 19 адам барган. Чогулгандар ал жерден тамак жана спирт ичимдиктерин ичишкен. Болжол менен үч-төрт саат отургандан кийин тарап кетишкен.

Эртеси, 3-март күнү болжол менен 23:00 чамасында отурушка барган адамдардын алтоо медициналык жардам алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган. Алар Аксы аймактык ооруканасына жолдомо берген. Бейтаптардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келгенден кийин үзүлгөн. Алар: 1967-жылкы Ч.О. (эркек киши), 1968-жылкы Ж.К. (эркек киши), 1968-жылкы Ч.М. (эркек киши), 1952-жылкы Р.А. (аял), 1970-жылкы М.Г. (аял), 1959-жылкы Ш.Т. (аял). (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG