Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө аба каттамы жанданды


Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту
Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту

Бүгүн, 1-июлда Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 8 жылдан бери алгачкы жолу Жалал-Абаддан жүргүнчү ташыган учак конду.

«Тез жет» авиакомпаниясы Жалал-Абад - Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы алып келип, кайра Тамчы - Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчүнү алып кетти.

Жалал-Абад - Тамчы аба каттамы жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү каттайт.
Буга чейин аталган багыт боюнча аба каттамы 18-июндан тарта жүргүзүлөрү кабарланып, бирок ишке ашкан эмес.

Жалал-Абаддан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата, Каракол шаарларына 2000-жылга чейин бир жылдай учак каттаган. Кийин жайында гана мезгилдик авиакаттам уюштурулуп, акыркы каттам 2013-жылы аткарылган.

“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, туристтик сезонго байланыштуу Ысык-Көлгө каттамдар чет өлкөлөрдөн да жанданууда. Буга чейин Орусиядан жана Казакстандан учактар каттап турган. Өзбекстандын Ташкент шаарынан быйыл алгачкы учак 11-июлда учуп келет. “Өзбекстан аба жолдору” компаниясынын учагы туристтик сезон маалында Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү учуп келип-кетип турат. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.

Тамчы аэропортунун курулушу 1975-жылы башталган жана толук пайдаланууга 2003-жылы берилген. Ал Чолпон-Ата шаарынан 35, Тамчы айылына беш чакырым алыстыкта жайгашкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG