Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Чүйдүн Москва районунун акиминин орун басары кармалды


Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Москва райондук администрациясынын башчысынын орун басары “М.М.” мурда Сокулук айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеп турганда кызматтык жасалмалуулук фактысы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган кызматкер банктардын биринен ири өлчөмдө насыя алуу үчүн Кыргызстандын “Р.А.” аттуу жаранына жасалма маалымкат берип, каттоо журналына "А.Д." аттуу башка жаранга берилди деп каттап койгон. Анда ага 770 чочкосу, 100 ую, 22 букасы жана 200 баш майда жандыгы бар деген жалган маалымат жазып койгон.

Жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар Жазык кодексинин 329-беренесинин 1-бөлүмү (“Кызматтык жасалмачылык”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери башталды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG