Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы алмашты


Шайлоо тилкесинде добуш берип жаткан аял. Бишкек. 11-апрель, 2021-жыл.
Шайлоо тилкесинде добуш берип жаткан аял. Бишкек. 11-апрель, 2021-жыл.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагалыгына Айбек Стамов, катчылыгына Бахадыр Конуров шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, мындай чечим 2-июль күнү АШКнын жыйынында кабыл алынды.

Бишкек АШКнын мурунку төрагасы Кайрат Маматов БШКнын мүчөсү болуп шайланган.

Боршайкомдун жаңы курамы 30-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт.

Кайрат Маматов "Республика - Ата Журт" фракциясынан сунушталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG