Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

"Азаттыктын" YouTube баракчасы "алтын баскычты" алды



YouTube порталынын "алтын баскычы".
YouTube порталынын "алтын баскычы".

"Азаттык" радиосунун YouTube каналы "алтын баскычты" алды. YouTube порталындагы Azattyk каналында журналисттер бир катар кызыктуу видео баяндарды, иликтөөлөрдү жарыялап келишет.

Алардын арасында коомчулуктун кызыгуусун жараткан "Көрүстөндөгү коррупция", "Бажыдагы миллиондор", "Бандиттер байырлаган Ош" сыяктуу бир топ иликтөөлөр бар.

Ошондой эле, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан даректүү видео баяндарды "Данисте" түрмөгү сунуштап келет. "Азаттыктын" YouTube каналынан иш күндөрү күн сайын чыгуучу "Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасын көрсө болот.

Мындан сырткары, "Эксперттер талдайт", "Эки-бир", "Бийлик сырлары" сыяктуу башка кызыктуу берүүлөр "Азаттыктын" дал ушул YouTube каналынан көрсөтүлөт.

Катталуучусу 100 миңден ашкан авторлор үчүн "күмүш баскыч", бир миллиондон ашкандарына "алтын баскыч" берилет. Мындан сырткары "бриллиант", "жакут", "кызыл бриллиант" баскычтары бар.

YouTube порталы авторлор үчүн (англ. YouTube Creator Awards) сыйлыктарды 2012-жылдан бери ыйгарып келет.

Azattyk каналы 2010-жылы негизделген. Азыркы тапта катталуучулардын саны 1,5 миллионго жакындап калды. (NTa/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG