Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Быйыл аткезчилик фактылары 115% көп аныкталды


Кыргызстанда күйүүчү май аткезчилиги көп катталат.
Кыргызстанда күйүүчү май аткезчилиги көп катталат.

Мамлекеттик бажы кызматы аткезчиликке каршы күрөшкө байланыштуу жарым жылдын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, жыл башынан бери 1301 факты катталып, басымдуу бөлүгүнө иш козголду. Анда беш миллион сомдон ашык айып пул өндүрүлүп, 25 миллион сомдон көп бажы төлөмдөрү алынды.

Ушул тушта 114 материал тергөө органдарына берилип, 64,5 миллион сомдой зыян өндүрүлдү.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында бюджетке кошумча 121 миллион сомдон көп акча түштү жана бул былтыркыга салыштырмалуу 46,5 миллион сомго көп.

Бажы кызматынын билдиришинче, быйыл аныкталган аткезчилик фактылары былтыркыга салыштырмалуу 115% көп. Мекеменин эсебинде, 2020-жылы жалпысынан 605 факт катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG