Пакистандын Исламабад шаарында Чыңгыз Айтматовдун урду тилине которулган китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги кабарлады.
Аталган китепке Айтматовдун "Жамийла", "Кош, Гүлсары" жана "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт " повесттери кирген. Жыйнак чыгаруу элчилик тарабынан демилгеленип, Пакистандын Адабият академиясы тарабынан которулуп, басылган.
Иш-чарага жазуучулар, илимпоздор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ч.Айтматов жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, туристтик буклеттер чыгарылып, кыргыз ырлары жаңырган.
Чыңгыз Айтматов азыркы доордун чыгармалары эң көп окулган жазуучуларынын бири. Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессинин ажыралгыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген. (MZh)
Facebook шеринеси