Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктар төрт күн эс алат


Иллюстрациялык сүрөт. 2021-жылдын июль айынын календары.
Иллюстрациялык сүрөт. 2021-жылдын июль айынын календары.

Мусулмандардын Курман айт майрамына байланыштуу 19-июлдагы жумушчу күн 24-июлга которулду. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ушундай чечимге кол койду.

Бул чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күндүк иш графиги менен иштеген кызматкерлерге тиешелүү. Мамлекеттик эмес, жеке менчик уюмдарга да иш күндү которуу сунушталды.

Курман айт 20-июлда белгиленет. Мындан улам кыргызстандыктар 17-июль - ишембиден нары төрт күн эс алышат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG