Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Аалымдар кеңеши вакцина жөнүндө фатва чыгарды


Ачык асман алдындагы эмдөө пункту. Бишкек, 11-июль.
Ачык асман алдындагы эмдөө пункту. Бишкек, 11-июль.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавируска каршы вакцина алуу жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлап, коронавирустун жайылышынын алдын ала турган жалгыз ыкма - эмдөөдөн өтүү экенин билдирди.

"Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицинага таандык. Вакцинанын зыяны жок болсо, ислам дини эмдөөгө каршы эмес", - деп жазылган Аалымдар кеңешинин чечиминде.

Кыргызстанда 18 жаштан ашкан жарандарга Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакциналары акысыз сайылууда. Бейтапканалардан тышкары соода борборлорунда, парктарда жана билим берүү мекемелеринин имараттарында эмдөө пункттары ачылган.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 14-июлда 143 миңден ашты. Бейтаптардын 2000ден көбү көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 144 миңден көбүрөөк адам эмделгенин маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG