Мамлекеттик мүлк фонду "Кыргызтелеком" ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианкинин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жээнине байланыштуу дооматтарын четке какты.
Анда аталган ишкананын быйылкы көрсөткүчтөрү начарлап кеткени, Бианки кызмат абалынан аша чапкан, "Кыргызтелекомдун" ишине ыксыз кийлигишкен учурлар бар экени айтылат. Фонддун эсебинде 2020-жылы "Кыргызтелеком" 128 миллион сом чыгашага учураган жана Бианки тууралуу жамааттан дагы арыз-даттануулар түшкөн.
Фонд "кайсы бир адамдардын каршылыгына карабай "Кыргызтелекомдун" ишин жакшыртуу үчүн реформа болот" деп белгилеген.
Мунун алдында Бианки Ташиевдин жээни Замир Кожомуратов май айында "Кыргызтелекомдун" директорлор кеңешинин вице-президенти кызматынан алынгандандан кийин басым-кысым көбөйгөнүн айтып чыккан. Ал буга байланыштуу Мамлекеттик мүлк фонду менен Улуттук коопсуздук комитетин айыптаган.
Бианкинин айтымында, Кожомуратов "тажрыйбасы жетишсиз, кесипкөй эмес" жана "жумушка ар кандай себептерден улам көп келбейт" деген жүйө менен алынган.
Замир Кожомуратов бул кызматка былтыр декабрда Мамлекеттик мүлк фондунун сунушу менен дайындалган жана ал өзү соңку жагдай тууралуу үн ката элек.
УКМК өткөн аптада Ташиевдин жээнине байланыштуу доомат негизсиз деп билдирген.