Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Екатеринбург: тыюу салууга карабай кресттүүлөрдүн жүрүшү өттү


Екатеринбург шаарында Орусиянын акыркы императору Николай II жана анын үй-бүлөсүн аткан окуяны эскерген крестүүлөрдүн жүрүшү.
Екатеринбург шаарында Орусиянын акыркы императору Николай II жана анын үй-бүлөсүн аткан окуяны эскерген крестүүлөрдүн жүрүшү.

Орусиянын акыркы императору Николай II жана анын үй-бүлөсүн 1917-жылы 17-июлда аткан окуяны эскерип, динчилдер Екатеринбург шаарында крестүүлөрдүн жүрүшүнө чыгышты.

Бул иш-чарага бийлик пандемияга байланыштуу уруксат берген эмес. Жергиликтүү чиркөөнүн маалыматы боюнча иш-чарага болжол менен эки миңден ашуун адам катышты.

Екатеринбургдун митрополити Евгений Кульберг башында крестүүлөрдүн жүрүшү тууралуу билбестигин, кийин ал бийликтин тыюу салуусун тоготпой турганын билдирген.

Падышалык крестүүлөр жүрүшү 1990-жылдан бери Николай II жана анын үй-бүлөсү өлтүрүлгөн Кан Храмынан баштап болжол менен алардын сөөктөрү көмүлгөн Ганина чуңкуруна чейин жыл сайын 17-июлда өтөт.

Быйыл Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунан улам иш-чарага тыюу салынганын билдирген. Бирок анын орун басары Павел Креков 13-июлда крестүүлөрдүн жүрүшүнө чыккандар кармалбай турганын айтып, ар бир адам өзүнүн саламаттыгын ойлошу керек экенин эскерткен.

Свердлов облусу коронавирус инфекциясынын таралышы боюнча Орусияда төртүнчү орунда. Ал эми жүрүштүн катышуучулары ага беткапсыз келип, дарыгерлердин аралыкты сактоо талабын аткарышпаганы видео тасмадан байкалды.

XS
SM
MD
LG