Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Жалал-Абадда селден жабыркагандар чатырларга көчүрүлөт


Селден кийинки көрүнүш. Чаңгыр-Таш айылындагы короолордун бири. 21-июль, 2021-жыл.
Селден кийинки көрүнүш. Чаңгыр-Таш айылындагы короолордун бири. 21-июль, 2021-жыл.

Жалал-Абад облусунун Чаңгыр-Таш айылында 20-июлда болгон сел дамбаларды жарып, 500гө жакын турак үйдү суу каптады. 21-июлда түшкө чейин 150 үй такталып, 70 турак-жайдын ичине суу киргени белгилүү болду.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев келтирилген чыгымды аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн, ага жарандык коргонуунун башчысы, райондун акими жетекчилик кыларын билдирди.

Алгач үй-жайын суу алган тургундарга шарт түзүлөт. Жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү жумуштарына кошумча күч жана техникалар тартылат. Авариялык абалга келген турак үйлөрдүн жашоочулары 25 чатырга жана мектептин спорт залына көчүрүлмөй болду.

20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды сел агызып кетти. 19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сегиз кишини сел агызып, каза болгон. Бир нече турак-жай, автожолдор менен мамлекеттик мекемелер жабыр тартты. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG