Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:42

Токмокто "Эл Биримдиги" партиясы шайлоодон четтетилди


11-июлда өткөн шайлоодо тартылган сүрөт. Токмоктогу шайлоо тилкелеринин бири.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясы добуш сатып алууга байланыштуу арыздардан улам "Эл Биримдиги" партиясын шайлоодон четтетти. Бул маалыматты аймактык шайлоо комиссиясы ырастады.

11-июлда Токмок шаардык кеңешине болгон кайра шайлоодо алты партиянын бешөө 7% босого чектен өткөн. Алар - "Бирге", Эмгек", "Асыл мурас-жаштар", "Патриот ынтымагы" жана "Эл биримдиги" партиялары. Эми төрт партия калды.

"Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы болсо жетиштүү добуш топтой алган эмес.

Кыргызстанда быйыл 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда болду.

Бул үч шаардык кеңешке өткөн партиялардын талапкерлерине 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG