Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Сузактагы селден 450гө жакын үй жабыркаган


Чаңгыр-Таш айылында селден жабыркаган үй.
Чаңгыр-Таш айылында селден жабыркаган үй.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20-июлда Чаңгыр-Таш жана Достук айылдарында жүргөн селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак жай толугу менен суу алдында калган.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечимине ылайык, 46 үй жашоого жараксыз деп табылган. Учурда тазалоо жана келтирилген зыянды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Андан тышкары дамба жарылып, оорукана, мектеп жана бала бакча суу астында калган. 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чаңгыр-Таш айылына барып, дамбанын көлөмүн кеңейтип, аны бекемдөө керектигин айтты.

20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон селден алты жаштагы кыз каза болгон. 19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сегиз кишини сел агызып кеткен. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG