Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

АКШ Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшкө 1 млн долларлык жабдык берди


АКШ өкмөтү берген жабдыктын бири.
АКШ өкмөтү берген жабдыктын бири.

АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавирустан дарылоочу ооруканалар үчүн 1 миллион долларлык медициналык жабдык тартуулады. Кошмо Штаттардын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу өткөрүлүп берилген концентраторлор, мобилдик рентген аппараттары, муздаткычтар жана башка керектүү жабдык Бишкектин, Чүйдүн жана Оштун беш ооруканасына, үч бейтапканасына бөлүштүрүлөрүн 28-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, көтөрүп жүрмө рентген жана башка аппараттар сыяктуу жабдыктар Кыргызстандын мамлекеттик ооруканаларында буга чейин болгон эмес.

Өлкөдө 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги быйыл 15-июнда расмий билдирген.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны бүгүнкү күнгө карата 2288 адамга жетти.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Пандемия башталгандан бери АКШ Кыргызстанга 4 миллион долларлык жардам берип, 4 миңдей дарыгерди окутту. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG