Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

“Ак-Тилекте” жүздөн ашуун жүк ташуучу машина кезек күтүп турат


"Ак-Тилек" бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
"Ак-Тилек" бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде машиналар кадимки тартипте өтүп жатат, кезек маал-маалы менен гана пайда болуп калууда. Бул тууралуу 30-июлда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

“Өтүп жатат. Бирок, маселен, түндө 10-20дай эле машина өткөн болсо, саат 11де 120 машина топтолду. Анан азая түшүп, мына, саат 17ге карата кайра көбөйдү, 120дай машина турат”.

Чек ара кызматы машиналар улам топтолуп калып жаткан себебин айыл чарба продукциясын ташыгандар көбөйгөнү жана аба ырайына байланыштырууда. Себеби, мекеменин маалыматына караганда, транспорт министрлиги абанын температурасы жогору болсо оор жүк ташуучу автоунааларга трассадан өтүүгө сентябрга чейин чектөө койгон, күн салкындай түшкөндө жолго чыккандар көбөйөт.

Казакстандын Каржы министрлиги да чек арада оор жүк ташуучу машиналар көбөйгөн себебин айыл чарба продукциясынын сезону менен түшүндүрүп, азыркы мезгилге карата бул кадыресе көрүнүш экенин, өткөрүү бекеттери, мамлекеттик киреше органдарынын маалымат системалары кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG