Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

"Проект" басылмасынын баш редактору Орусиядан чыгып кетти


Роман Баданин
Роман Баданин

"Проект" басылмасынын баш редактору Роман Баданин Орусиядан чыгып кеткенин өзү Reuters маалымат агенттигине кабарлады.

Орусияда "Проект" басылмасы "жагымсыз уюмдардын" тизмесине киргизилген. Ал эми анын башкы редактору Роман Баданин болсо "чет элдик агенттердин" реестрине кошулган.

Журналист мекенине кайтпай турганын, анткени аны "Проект" басылмасындагы ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги күтүп турганын билдирди.

Ал 2015-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча "жагымсыз уюмдардын" тизмесине киргизилген мекемелердин кызматкерлери алты жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн экенин мисал келтирди.

Баданин басылманын калган кызматкерлерин дагы Орусиядан чыгарып, коңшу өлкөлөрдүн бирине алып кетүүгө аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Баданин кандай гана шарт-жагдай болбосун "Проект" басылмасы ишмердигин токтотпой турганын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG