Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Ош шаардык кеңешине Салман Назылбеков төрага болду


Салман Назылбеков
Салман Назылбеков

2-августта Ош шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарына мандат берилди. Ага ылайык шаардык кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары биринчи сессиясын өткөрүштү. Сессияда Ош шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо өттү.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын депутаты Салман Назылбеков шайланды. Аны Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 44тү колдоду.

Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышында "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Ушул эле сессияда вице-спикер болуп "Биздин Кыргызстан" партиясынын лидери Шайырбек Нуранов шайланды. Аны да шаардык кеңештеши депутаттар бир добуштан колдоп беришти.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги”, “Бир Бол” утуп чыккан. Ага ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4. мандатка ээ болушту.(MrA)

XS
SM
MD
LG