Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Беларус спортчусу Тимановская Польшадан башпаанек сурады


Кристина Тимановская
Кристина Тимановская

Беларус бийлиги күч менен Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылган жеңил атлетчи Кристина Тимановская Польшадан башпаанек сурады. Ал Токиодогу аэропортто түнөгөн соң Жапон баш калаасындагы Польшанын консулдугуна барды. Спортчу мекенине кайтса куугунтукка туш болуп, камакка алынышы мүмкүн деп кооптонууда.

Учурда Тимановская туш болгон кырдаалдын үстүнөн БУУнун качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы жана Эл аралык Олимпиада комитети иштеп жатат.

Ал ортодо качкын спортчунун күйөөсү Арсений Жданевич Беларустан Украинага чыгып кеткени кабарланды.

24 жаштагы жөө күлүк Тимановская Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал бир нече күн мурун "Инстаграмдагы" баракчасынан беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

Мындан соң 1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылып, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Ал Эл аралык Олимпиада комитетине видео кайрылуу жолдоп “Бийлик мага басым кылып, менин макулдугумсуз күч менен алып кеткени жатышат” деп билдирген. Мындан соң Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөрү спортчуга жолугуп, аны колдоорун жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG