Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Түркиядагы өрт: дагы бир райондун тургундары көчүрүлөт


Түркиянын өрт чалган аймактары.
Түркиянын өрт чалган аймактары.

Токойлорду өрт каптап жаткан Түркиядагы Манавгат облусунун Гүндогмуш районунун жашоочулары толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли 2-августта билдирди.

Бир жумадан бери Түркиянын алты провинциясындагы токойлорду каптаган өрт кеминде сегиз кишинин өмүрүн алды. 28-июлда Түркиянын Манавгат облусунда токойдо чыккан өрт өлкөнүн туристтик аймактары Мармарис жана Бодрумдагы калктуу конуштарга чейин жетти. Ар кандай тобокелчиликтин алдын-алуу максатында мейманканалардагы жана айрым айылдагы тургундар башка жактарга убактылуу көчүрүлүп жатат.

Түркиялык өрт өчүргүчтөргө учурда Орусия, Украина, Азербайжан, Ирандан барган атайын топтор жардам берип жатышат. Учурда өлкөнүн Анталия, Мугла, Ыспарта жана Денизли аймактарында өрт токтобой жатканы кабарланууда.

Түркиянын тарыхында эң чоң өрт дал ушул Манавгат аймагында 2008-жылы июлда катталган. Токойдо чыккан өрт бир жумада араң өчүрүлүп, 16 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткен. Акыркы он жылда Түркияда 30 миңге жакын токой өрттөнүп, жалпысынан 100 миң гектарга жакын аянт күлгө айланган.

Түркия: Анталиянын аймагын өрт чалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG