Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

ӨКМ: 8-августка чейин тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жуманын аягына чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-августта чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Өткөн айда Баткенде сел 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG