Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

COVID-19 пандемиясынан жабыркаган айрым ишкерлерге грант берилди


Кыргызстандагы ишканалардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ишканалардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам бизнеси жабыркаган 13 ишкерге 10 миң долларга чейин гранттык негизде каражат берилди. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын алкагында JIA Бизнес-ассоциациясы жарыялаган сынактын негизинде ишке ашып жатат.

Ишкерлер биримдигинин маалыматына ылайык, берилген гранттар ишкерлерге керектүү жабдууларды сатып алып, иш орундарды көбөйтүүгө жана өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы өлкөдө карантиндик чектөөлөр киргизилип, андан өлкөнүн экономикасы 8,1-8,6 пайызга чейин төмөндөгөнү расмий кабарланган. Чек аралардын жабылышынан тышкы соода алмашуу 1,3 млрд сомго азайган. Чектөөлөрдөн чакан жана ири ишкерлик жабыркаганы айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG