Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

"Айыл банк" чек ара жаңжалында жабыркагандардын насыясын кечет


Баткенде 28-30-майдагы куралдуу жаңжалда жабыркаган имарат. 2021-жыл, май.
Баткенде 28-30-майдагы куралдуу жаңжалда жабыркаган имарат. 2021-жыл, май.

"Айыл банк" 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткендин тургундарынын жана ишкерлердин карызын кечет. Бул тууралуу "Айыл банк" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы Уланбек Букабаев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн токтомунда сунушталгандай, 28-апрелге чейин алынган насыялар кечилет.

"Баткендеги жаңжалдан жабыркаган ишкерлердин маселеси ар бири өзүнчө каралды. Айрымдары үйүнөн да ишинен да айрылышкан. Өкмөттүн сунушуна байланыштуу биз Улуттук банк менен сүйлөшүп, Баткендеги тургундар менен ишкерлердин насыясын кечүүнү чечтик".

Өкмөттүн 9-августтагы токтомунда "Айыл Банк" менен "РСК Банктан" быйыл 28-апрелге чейин насыя алып, чек ара жаңжалында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары менен ишканалардын карызын белгиленген тартипте кечүү жана реструктризациялоо сунушталды.

Баткендеги куралдуу жаңжалдан 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыян келтирилген.

Кыргызстан тараптан 36, Тажикстан тараптан 19 кишинин өлүмү менен аяктаган куралдуу жаңжалдан кийин Баткенде жабыркагандарга жардам иретинде жалпы 120 млн. сомдон ашуун гуманитардык жардам чогулганы кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG