Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

COVID-19: Вакцинанын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымат берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 17-августта Бишкекте коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымат берилет. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чогултуп, бардык суроолоруна жооп берилерин билдирди.

Эмдөөгө байланыштуу суроолорго Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эл аралык эксперттери жана кыргызстандык адистер жооп беришет.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айында башталган. Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында жалпысынан 900гө жакын эмдөө бекети иштеп жатат.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 проценти эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

2020-жылдын март айынан бери бул илдет менен расмий түрдө катталгандардын саны 172 миңден ашты, алардын 2,5 миңдейи каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Эмделгендердин саны 800 миңден ашты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG