Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Баткен: Чек ара отрядынын жоокери курал текшерип жатып жаракат алды


Аскердик машыгуудагы жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.
Аскердик машыгуудагы жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын Айдаркендеги "Бел" отрядында кызмат кылган жоокер кол гранатын текшерип жатып, колунан жеңил жаракат алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Айдаркен чек ара отрядынын "Бел" бекетинде кызмат өтөп жаткан ефрейтор А. уулу А. кол гранатын текшерип жатып, оң жак колунан жеңил жаракат алды. Алаканы сыйрылып кеткен жоокерге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ефрейтор кызматын улантып жатат", деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары Чек ара кызматында чек арачылардын аскердик күжүрмөн даярдыгы дайыма текшерилип, анын алкагында курал-жарак, аскер техникалары да көзөмөлдөн өткөрүлүп турары кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG