Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

ИИМ аскерлеринин айлыгы жогорулайт


ИИМдин Ички аскерлери, 24-август, 2021, Бишкек.
ИИМдин Ички аскерлери, 24-август, 2021, Бишкек.

2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскерлеринин маянасы 40 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-августта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Ошондой эле, Ички аскерлердин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен 1-сентябрдан тарта алардын 1 жылы 1,5 жыл, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн бир жылы эки жылга тете деп эсептелет.

Жапаров Ички аскерлер кызматы бүгүнкү күндө өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздап, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коркунуч туудурган ар кандай чакырыктарга каршы күрөшөрүн белгиледи.

Өлкөдө ар кандай акциялар, митингдер учурунда мамлекет ички аскерлерди элге каршы пайдаланат деген нараазычылыктар айтылып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG