Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:39

Дүйнөлүк банк Ооганстанга жардам берүүнү токтотту


Ооганстан. Дүйнөлүк банк колдогон шафран гүлүн өстүрүү чарбачылыгы. Герат, ноябрь 2011-жыл.

Дүйнөлүк банк Ооганстандагы кырдаалга, талибдердин өлкөнүн өнүгүү келечегине, айрыкча аялзатына карата мамилесине терең тынчсызданарын билдирди. Буга байланыштуу Дүйнөлүк банк Ооганстанга финансылык жардам көрсөтүү токтотулганын жарыялады.

"Биз Ооганстандагы долбоорлорду колдоо боюнча төлөмдөрдү токтотуп, андагы кырдаалга байкоо жүргүзүп, абалды улам баалап турабыз", - деди AFP агенттигине Дүйнөлүк банктын өкүлү.

Анын айтымында, банк эл аралык коомчулук жана өнөктөштөр менен биргеликте өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карата өз ара кеңешип, иш алып барат.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банк Ооганстанды өнүктүрүүдө кыйынчылык менен келген жетишкендиктерди сактап калуу маселесин изилдеп жатканы айтылды.

Дүйнөлүк банк Ооганстанды өнүктүрүү боюнча 20 долбоорду ишке ашырат. Бул үчүн банк 2002-жылдан бери Ооганстанга кайтарымсыз грант түрүндө 5,3 млрд доллар бөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG