Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Тажикстанга качып барган ооган учкучтары Канададан башпаанек сурашты


Cessna 208 Caravan учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Cessna 208 Caravan учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанга качып барган Ооганстан Аскер аба күчтөрүнүн учак командири жана 12 учкуч Канададан башпаанек сурады.

avweb.com маалымат порталы кабарлагандай, аскер учкучтары "Талибан" кыймылы Кабулду басып алганга чейин курал-жарак, ракеталар менен Cessna 208 учагына отуруп, коңшулаш Тажикстанга учуп келишкен.

Аскер кызматкерлери Канада элчилигине кайрылып, өздөрү жана үй-бүлөсү үчүн башкалка сурашты. Аскер учкучтарынын бири америкалык CBC News телеканалына маек куруп жатып, талибдердин өч алуусунан коркуп жатканын билдирди.

Тажикстанга качып барган учкучтардын көбү АКШда окуп келген.
Бүгүнкү күндө ооганстандык миңдей качкын Тажикстандын Куляб шаарындагы эл аралык аэропортко жакын жерде тигилген чатырларда турат жана үчүнчү өлкөгө кетүүнү күтүшүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG