Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Бүгүн парламенттик шайлоого катышуучу партиялардан билдирме алуу аяктайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымагандай, Жогорку Кеңешке шайлоого катыша турган партиялар бул тууралуу билдирмесин БШКга 3-сентябрь, саат 18:30га чейин тапшырышы зарыл.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирмеси 13-октябрга чейин кабыл алынат. Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат.

БШКнын маалыматына ылайык, 2-сентябрь, саат 18:30га чейинки аралыкта 38 партия Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирмесин тапшырды. Документ тапшырган саясий партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.

18-октябрга чейин шайлоого катышуучу саясий партиялар да, бир мандаттуу талапкерлер да тиешелүү документтерин БШКга жиберип, 29-октябрга чейин талапкер катары катталышат.

Президент Садыр Жапаровдун 29-августтагы буйругу менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалды.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG