Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:33

Талас: секелек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген кишиге кылмыш иши козголду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген окуя боюнча Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштады.

Облустук милициянын маалыматына караганда, кылмыш иши жергиликтүү тургундун арызынын негизинде козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Арыз ээси өзүнүн жана кошунасынын кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн билдирген.

Кыргызстанда укук коргоочулар секелек кыздар зордукталган учурлар көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагып келишет.

Өлкөдө жашы жете электерди зордуктоо боюнча чуулгандуу бир нече окуялар катталган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG