Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Кабулда "Талибан" демонстранттарды таркатуу үчүн ок атты


Кабулдагы Пакистандын элчилигинин алдына чыккан демонстранттар. 7-сентябрь, 2021-жыл.
Кабулдагы Пакистандын элчилигинин алдына чыккан демонстранттар. 7-сентябрь, 2021-жыл.

Кабулда бийликти басып алган “Талибан” кыймылынын жоочулары Пакистандын элчилигинин алдына чыккандарды кууп-таркатуу үчүн асманга ок атышты. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек. Нааразылыкка чыккандар - негизинен аялдар Пакистанды оогандыктардын "ички ишине кийлигишип жатат" деп айыпташты. 70тей киши Пакистандын Ооганстанга карата саясатын айыптап, кыйкырып турушту.

Жергиликтүү маалымат каражаттары нааразылык Пакистандын мекемелер аралык тыңчылык кызматынын жетекчиси, генерал Фаиз Хамиддин Кабулга сапарынан улам пайда болгонун жазышты.

Ооганстанга өткөн ишембиде барган генералдын сапарынын себеби белгисиз. Пакистандын расмий адамынын айтканына караганда, Хамид “Талибанга” ооган аскер күчтөрүн уюштуруу үчүн көмөк көрсөтүү максатында барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG