Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

COVID-19: Кубада балдарды эки жаштан тарта эмдөө башталды


Тамак-аш үчүн кезекте турган кубалыктар.
Тамак-аш үчүн кезекте турган кубалыктар.

Кубада дүйнөдө биринчи болуп, балдарды эки жаштан тарта эмдөө башталды. Бул үчүн жергиликтүү өңдүрүштөн чыккан Abdala жана Soberana препараттары колдонулат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки вакцинаны тең расмий каттай элек.

Кубада пандемиянын айынан мектептер 2020-жылдын мартынан бери жабык турат. Быйыл окуу жылы 6-сентябрда башталды. Сабактар телевизордо көрсөтүлөт. Анткени көпчүлүк кубалыктарга интернет жеткиликтүү эмес. Кубанын бийлиги мектептерди октябрдан тарта балдар менен өспүрүмдөр толук эмдөөдөн өткөндөн кийин ачууну пландап жатат.

Куба башка мамлекеттерден вакцина албай, COVAX программасына катышуудан да баш тарткан. Кубалык адистер белгилегендей, иликтөөлөрдө Abdala вакцинасы 92%, ал эми Soberana 62% натыйжа берген.

Соңку айда Кубада коронавируска чалдыккандар көбөйгөнү катталган. Пандемия башталганы өлкөдө 650 миң киши вирусту жуктуруп алса, алардын 95 миңи балдар жана өспүрүмдөр.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө балдарды коронавирустан эмдөө 12 жаштан тарта жүргүзүлөт. Чилиде алты жаштан өйдө Sinovac менен эмдөө жактырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG