Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Исмаил Исаков: Кат-кайрылуулар боюнча суракка чакыра берүү - эркиндикти кысуу


Исмаил Исаков. Архивдик сүрөт.
Исмаил Исаков. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков “маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу” деген кат боюнча бир топ саясатчы Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракка алынышын мыйзам бузуу деп сыпаттады. Мындай пикирин ал 15-сентябрда ИИМдин Тергөө кызматынан сурактан чыккандан кийин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Саясатчы жазылган түрдүү кат, кайрылуулар боюнча адамды суракка алуунун шайлоого байланыштуу ыктымалдыгын четке каккан жок:

“Бул өзүм билемдик, мыйзамды бузгандык. Адамдарды коркутуп, эркиндикти кысып, баарын дудук кылуу гана деп ойлойм”.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан.

Катты жазганын айткан Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбү Кадырова президентке “адамдарды чогултуп, ызы-чуу жана тополоң кылгысы келгендерге чара көрүү, аларды тартипке чакыруу” демилгеси менен кайрылганы чын экенин, текст бурмаланып жарыяланып кеткенин, түп нускасында бир да саясатчынын аты жазылбаганын, 100 миң киши тууралуу да сөз болбогонун “Азаттык” радиосуна билдирди.

15-сентябрда депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушту. Алар маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришти. Айрымдары бийлик алдыдагы парламенттик шайлоого карата биригип жаткан командаларды алсыратуу аракетин көрүп жатканын айтышты.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Комментарий сурап бир нече жолу кайрылганыбызда мекеме азырынча маалымат жок экенин, болор замат дароо жарыяланарын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG