Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

“Өзгөн Мунара-2021” феcтивалы башталды


Өзгөн күрүчү менен бастырылып жазылган көргөзмө. Өзгөн району, Ош облусу. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Өзгөн күрүчү менен бастырылып жазылган көргөзмө. Өзгөн району, Ош облусу. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестивал башталды.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө фестивал жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чарага айтуучулук өнөрдүн өкүлдөрү - манасчы, төкмө акын, дастанчылар, искусство чеберлери жана эстрада жылдыздары катышат.

Фестивалда ошондой эле кол өнөрчүлөр көргөзмөсү, чыгыш базар жарманкеси, күрүчтөн палоо жасоо сынагы болот.

Мындан тышкары илимий-практикалык конференция, төкмө акындардын айтышы менен коштолуп, "Өзөгүмдө Өзгөнүм” театралдаштырылган пролог коюлат. Фестивалды чоң программадагы гала-концерт жыйынтыктайт.

Өзгөн мунарасы архитектуралык комплекси - бир мунара, үч мавзолейден турат. Архитектуралык комплекс XI-XII кылымдарда Карахандар доорунда курулган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG