Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Жапаров Лондондогу уюмдун чечими "күтүлгөн иш болгонун" билдирди


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотуу боюнча чечимин “күтүлгөн иш болчу” деп баалады. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, Кумтөр алтын кенинин айланасындагы иштер тууралуу пикири менен бөлүштү.

“Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет”, - деп жазылат Акылбек Жапаровдун билдирүүсүндө.

Ал алтынды сатуунун жаңы жолдору буга чейин эле караштырылып жатканын, андан тышкары алтынды зергерчиликке кымбат сатса болорун жазды.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтындын" алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтоткону белгилүү болду.

Ага ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу "заводдогу алдамчылыкка шек саноодон" улам текшерген. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган.

Бул аккредитациянын токтотулушу "Кыргызалтын" ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кыргызстандын алтынын экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.

Буга чейинки жылдары Кыргызстан алтындын көбүн Британияга, андан тышкары, Италия, Орусия, Түркияга экспорттоп келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG