Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Садыр Жапаров Орусияга Пермдеги окуяга байланыштуу көңүл айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Пермь мамлекеттик университетинде адам өлүмүнө алып келген куралдуу кол салууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге жана орус элине көңүл айтты.

20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында белгисиз адам университетке кирип барып, туш келди ок чыгарган. Тергөө комитети бул окуядан алты киши каза болгонун билдирди.

12 миңдей студент билим алган жогорку окуу жайда сабактар бул күнү токтотулду.

Бул соңку төрт айдан бери Орусиянын билим берүүчү жайларында катталган экинчи ушундай окуя.

Май айында Татарстандагы мектептердин бирине кирип барган Ильназ Галявиев аттуу жаран туш келди ок чыгарып, тогуз адамды өлтүргөн. Алардын жетөө окуучу, экөө мугалим болчу. Психиатриялык экспертизадан кийин Галявиев психикалык жактан жабыркары аныкталган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG