Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп.

Бул тууралуу 20-сентябрда үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси талкууланган жыйында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жылдан-жылга үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп баратканын, мыйзам жер-жерлерде толук иштебей жатканын айтты.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. Алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG