Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Каракол милициясы аялдын сабалышы тууралуу айыптоого жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы кош бойлуу аялдын сабалышы тууралуу айыптоого жооп берди. Мекеме 24-сентябрда тараткан маалыматта милицияга карата каралоо жүрүп жатканы, аялдын айткандары чындыкка дал келбей турганы жана жоопкерчиликтен качуу максатында ал коомчулукту адаштырып жатканы айтылды.

Милиция билдиргендей, 5-августта аларга эжесинин жана жездесинин зомбулугуна кабылганын айткан 22 жаштагы жергиликтүү келин кайрылган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Үй-бүлөдөгү зомбулук” беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган жана эже-жездесине кылмыш жасаганы тууралуу билдирме тапшырылган.

Арызданган келин эжеси кош бойлуу болбогонун айтып берген.

23-сентябрда акыйкатчынын кеңсеси Ысык-Көлдө милициянын зомбулугуна кабылганын айткан кош бойлуу аялдын окуясы териштирилип жатканын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчыга арызданган аял Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери аны кармап кетип, талаага алып чыгып сабап, муунтканын жана өлтүрөбүз деп коркутканын, ошонун айынан боюнан түшүп калганын айтып берген.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы арыздын негизинде Жазык кодексинин 321-беренесине (“Бийликтен аша чабуу”) ылайык сотко чейинки териштирүү башталганын, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук башкармалыгы жүргүзүп жатканын билдирген. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG