Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Ооганстан БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылуу жасабайт


"Талибан" кыймылы кулаткан мурдагы ооган өкмөтүнүн БУУдагы элчиси Гулам Исакзай, 16-август 2021-жыл.
"Талибан" кыймылы кулаткан мурдагы ооган өкмөтүнүн БУУдагы элчиси Гулам Исакзай, 16-август 2021-жыл.

Ооганстандын өкүлдөрү 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына кайрылуу жасабай турган болду. Буга "Талибан" кыймылы кулаткан мурдагы ооган өкмөтүнүн БУУдагы элчиси Гулам Исакзайдын өз атын жадыбалдан артка чакыртканы себеп болду.

Графикке ылайык, ал дүйшөмбү күнү акыркы болуп, Ооганстандын атынан ассамблеянын алдына чыгып сүйлөшү керек эле. Reuters жана AFP жаңылыктар агенттиктери жазгандай, элчинин кайрылуудан баш тартышына "Талибан" өкмөтүнүн БУУга кайрылуу жасоо үчүн башка адамды сунуштаганы себеп болду. Исакзай азырынча бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Ооган бийлигин колго алган "Талибан" кыймылы өткөн аптада Башкы ассамблеяга кайрылуу жасоого уруксат берүү өтүнүчүн уюмдун баш катчысы Антониу Гуттеришке жөнөткөн. Бул катка "Талибандын" өкмөтүнүн мүчөсү, тышкы иштер министрдин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки кол койгон. Анда Ооганстандын БУУдагы элчиси Гулам Исаксайдын ордуна талибдердин Дохадагы басма сөз өкүлү Сухаил Шахин сунушталып жатканы жазылган. Натыйжада Башкы ассамблеяда Ооганстандын атынан ким сүйлөшү керек деген талкуу жаралган.

"Талибандын" мындай өтүнүчүнө Германия ачык каршы чыгып, Ооганстандын жаңы кайрылуусунан эч кандай майнап чыкпай турганын билдирген.

Талибдер БУУга жаңы адамды сунуштаганы менен мурдагы ооган өкмөтүнүн элчиси Гулам Исакзай да уюмдагы аккредитациясын узартууну өтүнгөн. Бириккен Улуттар Уюмунун аккредитация маселесин АКШ, Орусия жана Кытай сыяктуу 9 мамлекеттин комитетинен турган комитет чечет. Адатта бул комитет октябрь жана ноябрь айларында жыйынга чогулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG