Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги шенген визасын бере баштайт


Руслан Казакбаев жана Петер Сийярто.
Руслан Казакбаев жана Петер Сийярто.

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги октябрдан тартып Европа Биримдигиндеги мамлекеттерге баруу үчүн шенген визасын бере баштайт. Бул тууралуу 4-октябрда Будапешт шаарында өткөн Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин биринчи жыйынынан соң расмий кабарланды.

Жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто баштаган өкүлдөр катышты.

Кыргыз жаштары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларындагы квоталардын санын 200 орунга чейин көбөйтүүгө макулдашышты. 2016-жылдагы макулдашууда 25 квота каралган эле. Ошондой эле, Будапешт-Бишкек багытындагы түз аба каттамын ачуу демилгеси да көтөрүлдү.

Ушул күнү Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги расмий ачылды.

Казакбаев Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды 5-ноябрда Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги-Борбор Азия - биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 2022-жылы 30 жыл толот. Мындан улам Казакбаев эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну, Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн, Кыргызстанда Венгриянын маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстандыктар буга чейин шенген визасын Германиянын жана Швейцариянын элчиликтеринен алып келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG