Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

"Электр өчтү, чатыр суук": Баткендеги үйлөр толук бүтө элек


Чек ара жаңжалында жараксыз болгон үйлөр. Достук айылы
Чек ара жаңжалында жараксыз болгон үйлөр. Достук айылы

Апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта талкаланган Баткен районундагы кырк үйдүн курулушу бүтө элек.

Чатырда жашап жаткандар суук түшүп кеткенден улам башка бош үйлөргө убактылуу көчүрүлдү. Жергиликтүү бийлик ушул айдын орто ченине чейин бүтүрөбүз деп убада берүүдө.

Баткен районундагы Көк-Терек айылынын жашоочусу, үч баланын апасы Нурайым Нарзила кызы апрелдин соңундагы чек ара чырынан күйүп, талканган үйүнүн бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Ал үй-бүлөсү менен жаздан бери Орто-Боз айылынын четиндеги чатыр лагерде жашап келген. Суук түшкөндөн кийин Ак-Татыр айылындагы бош үйлөргө көчүп киришти. Нурайым 2-класста окуган кызы бир саатка жакын мектепке жөө каттап жатканын айтты.

"Күн сууп калды. Ак-Татыр айылындагы ээси башка жактарга кетип бош турган үйлөргө кирип жашап жатабыз. Көк-Теректе үйлөрдүн курулушу жакындап калды. Бирок качан толук бүтөрүн мен билбейм. Кичине баламды бакчага бербей отурам. Кызым Ак-Татырдагы мектепке окубайм дегенинен Орто-Боз айылындагы мектебине каттап жатат. Бир саат жөө басат. Башка айла жок".

Тактала элек чек ара тилкесиндеги Тажикстандын аймагы курчап турган Көк-Терек айылында жалпысынан он сегиз үй бар. Куралдуу жаңжалда айылда бир да имарат соо калган эмес.

Буга чейин үйлөрдү эки ай аралыгында калыбына келтирүү убадаланган. Андан кийин мөөнөт сентябрдын соңуна, анан октябрь айына жылган. Көк-Терек айылына чек ара бөлүкчөсүн куруу иши башталып, жергиликтүү казынадан пайдубалы түтөлүп, иш ошол боюнча токтогон.

Баткен районундагы үч тарабы Тажикстан менен чектеш Достук айылындагы 10 үй да жаздагы окуяда талкаланган.

Бул айылда да курулуп жаткан үйлөрдүн дубалы туруп, чатыры жабылганы менен көчүп кирүүгө даяр боло элек. Жергиликтүү тургун Багынса Касымова уулу менен келини ар жерде жүргөнүн айтты. Кичүү небереси сырколооп, өзү кошунасыныкында түнөп жатыптыр.

"Күндүз келип үйдү куруп жаткан усталардын тамак-ашына каралашам. Анан күнгө чыгып отурам. Тигип берген чатыры күндүз да суук. Жылытуу мүмкүн эмес. Уулум неберемди карап жатат. Келинимди төркүнүнө жөнөтөлү дедик эле кичүү неберем сыркоолоп калды. Азыр ооруканада. Ушуну суукка калтырбай бүтүрүп беришсе болот эле. Үйү жараксыз болгон башка кошуналарым да ушинтип ар жерде түнөп жатышат".

Чек арадагы куралдуу жаңжалда Баткен облусу боюнча 140 үй өрттөлүп, талкаланса, анын кыркы Баткен районунда. Ак-Сай айылындагы тогуз үй да жараксыз абалга келген.

Бул жерде да курулуштун дээрлик 80% аяктаганы менен актап-сырдоо иштери, үй ичиндеги кураштыруулар бүтө элек.

Айыл башчысы Эркин Жолчуев электр энергиясы улам өчүп, усталардын иши создугуп жатат дейт.

"Бизде тогуз үй талкаланган. Курулуш жакшы кетип жатат. Ушул айда үйгө жашоочулар кирет деп турабыз. Бирок усталар ишти тездетели десе улам свет өчүп, суу да жок болуп калып жатат".

Лейлек районунда жабыркаган үйлөр дээрлик кайра тургузулуп, бүткөн. Баткен районунун төрт айылындагы кырк үйдүн курулушу улам кечеңдеп отуруп, акыры ушул айдын аягында бардык иштер толук бутөт деп убада берилген.

Баткен район акими Учкунбек Жоробаев иш токтобой жүрүп жатканын айтты.

"Таш-Тумшук, Көк-Терек, Ак-Сай жана Достуктагы 40 үйдүн курулушу дээрлик 80-90 пайыздан аяктап калды. Эми болжол менен октябрдын он бешинен баштап үйүнө кире баштайт. Күн суук болуп кеткенче бардык маселелер чечилет. Электр энегриясы боюнча маселе болбошу керек, курулуш жүрүп жаткан аймакта электрди оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча жадыбалды өзгөртөбүз".

Калаба учурунда аймакка гуманитардык жардам иретинде элдин чогулган акчадан Баткен району үчүн 60 миллион сомдой каражат бөлүнө турган болуп, акча да иштетиле элек.

Апрель айынын соңундагы чек ара чырынан кийин жергиликтүү калк бийликтегилер менен жолуккан сайын жашоо үчүн коопсуздукту камсыздап, чек ара аймактарынан элдин көчүп кетишинин алдын алып, кармап калуу үчүн маселелерди тездетип чечүүнү суранып келет.

Тажикстан менен талаштуу аймактагы Көк-Терек айылынын тургуну Нурайым Нарзила кызы чек арадагы үйлөр бүткөнү менен көйгөйлөр ошол боюнча калып жатат деди.

"Биздин айылда жумуш жок. Жакын дүкөн да жок. Дүкөнгө же мектепке Тажикстандын аймагын аралап өтүү керек. Балдарды мектепке кантип, кимге ишенип жалгыз жөнөтөбүз? Болду эч ким, эч нерсе кылбайт деген убадалар канча болду? Бирок кайра эле ошол иштер кайталанып жатат. Айылда жыйырма чакты бала мектепке барат. Транспорт жок. Эртеден кече айыл жеринде эч кыймылы жок отуруу деген эмне? Мен жогорку билимдүүмүн. Жумуш жок. Бир нерсе жасайын, бир ишти баштайын десен ишенич жок. Эртең өрттөнүп кетпейт деп ким кепилдик берет? Балдарыма жөлөк акча албайм. Барсам силерде “Портер” машина бар экен деп коюшту. Ошондо биз эмне кылышыбыз керек? Бизди бекер баксын дебейбиз жумуш кылганга шарт жаратып түзүп керек да".

1-октябрда Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кеңейтилген кеңешмеси өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов:

“Суук түшүп калды, бирок мамлекеттик жана жеке менчикти толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек”, - деп Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алган.

Андан соң жарандардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча маселелер каралып, Министрлер кабинетинин төрагасы жабыр тарткан ишкерлерге каражат бөлүүнү тездетүүнү тапшырган.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган.

Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG